www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги КСДПнын катарынан чыккан, Адил Турдукулов менен байланышып, эмне үчүн партиядан чыгууга аргасыз болгонун айтты.

--Адил мырза, эмне үчүн партиядан чыгуу чечимин кабыл алдыңыз?

--Саясий кеңештин жыйынында өзгөчө мага көңүл бурулуп, мен КСДП партиясын бүлдүрүп жаткандай сезилди. Эгер партиянын өнүгүшүнө мен эле тоскоолдук жаратып жаткан болсом чыгып кетейин деген чечим кабыл алдым. Анткени, карама каршылык чектен ашып, коомчулукка айтылбай турган сөздөрдү айтышты. 

--Атамбаевдин балдары менен тил табышуу мүмкүн болбой калдыбы?

--Атамбаевдин балдары саясатка аралаша берсин, бирок КСДПнын тарапташтары менен кеңешип иш жүргүзсө жакшы болмок деген оюмду айткам. Бирок, алар партия үчүн күйгөн биздин эмес, Темирлан Султанбековдун тилине киришти. Таңгалыштуусу ал эмне айтса ошого макул болуп жатышат. КСДП турса, өзүнчө партия түзүштү. Ал партия менен эле иш кыла беришпей  КСДПга кийлигишип, бизди кошо кыйнашты. Жаным кашайганда “өзүңөр түзгөн партия менен эле кете бергиле, бизди салбыратып ээрчитип не кыласыңар” деп да айттым.

--Неге КСДПнын саясий кеңеши бир муштумдай түйүлүп, абалды жөнгө сала алган жоксуңар?

--Анткени, КСДПнын саясий кеңеши бир муштумдай түйүлө алган жокпуз. Тагыраагы, Ирина Карамушкина, Рита Борбукеева, Алга Кылычовго окшогон Атамбаевди сатып кеткен адамдар эмнегедир Атамбаевдин балдарына ыктап жатышат. Өкүнүчтүүсү, “партияны сактап калалы” дегендердин эмес, партияны жок кылгысы келгендердин  планы ишке ашты. Чынында алар жасагандай  саясат партияга жакшы жыйынтык алып келбейт. Атамбаев да биз тарапка ооп, балдарынын эмес, биздин позицияны колдосо болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок.

--Партиядан чыккандардын көбөйүп жатканы “партия мындан ары ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калышы мүмкүн” дегенди түшүндүрбөйбү?

--Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана мен партиядан чыккандардын акыркысы болбойбуз. Булардын саясатына макул болбогондор дагы убактысы келгенде партиядан чыгат деген ойдомун. Анткени, партиянын тагдыры бүдөмүк. КСДПны каалагандай калчашканы менен Атамбаевдин балдары өзүнчө партия түзүп, шайлоого катышабыз деп шымаланып жатышат. Бир жагынан саясий туткундар өз арыбайын согуп, абийирин сактоого, актыгын далилдөөгө аракет жасап жатышса, булар шайлоону эле айтышууда. “Маселе шайлоого катышса эле бүтүп калбайсын эскертип, шайлоодон эч нерсе өзгөрбөйт, алар ойлогон маарага да жеткирбейт. Эң негизгиси максатыбыз саясий туткундарды коргошубуз керек”, дедим. Бирок, алар менин айтканымды этибар да алышкан жок.   

--Неге КСДПда ич ара тиреш чегине жетип, Атамбаевдин жанында оор мезгилде бирге болгондорго асылуу күч болуп жатат?

--Анткени, Атамбаевдин балдарынын саясий тажрыйбасы, саясий көрөңгөсү жок. Алар ким дос, ким душман экенин ажырата биле албаганын, алысты көрө алышпаганынын белгиси. Ар кимди ээрчибей кимдин ким экенин билишсе болмок. Канат Сагынбаев кайрылуусунда Темирбек Султанбековдун агент деп эле жазыптыр кайрылуусунда. Анын айтканына ишенсек болот. Анткени, Канат Сагынбаев буга чейин УКМКда иштеген. Ал Темирлан Султанбеков КСДПны бүлдүрүп, жок кылуу аракетин көздөп жатканын, партияны тымызын талкалаганы үчүн кимдир бирөөлөрдөн 200 миң доллар алганын ачык эле жазыптыр. Кимден алганы, ага кимден каражат бергени белгисиз. Бирок, Атамбаев камалгандан кийин Темирлан Султанбековго ошондой ири суммадагы каражат келди деген сөздөр айтылды. Саясий кеңеште Атамбаевдин балдары партиянын ишин алдыга сүрөгөндөрдү эмес, чыккынчыларга жан тартып, аларды көкөлөтүшкөнү мага да табышмак болуп жатат. 

--КСДПга мүчө болгонуңузга өкүнгөн жоксузбу?

--КСДПга мүчө болгонума өкүнбөйм. Анткени, КСДП оппозиция болгон мезгилде демократиялык процесстин өнүгүшүнө түрткү болуп, кыргыз саясатында  орчундуу орунду ээлеген. Мен КСДП бийликте турганда партияны жамынып, бюджеттин акчасын уурдаган эмесмин. Былык иштерге аралашкан эмесмин. Уяла турган жашыра турган эч нерсем жок. Тилекке каршы, саясий кеңеште ошондой адамдар бар. Ошон үчүн алар мага асылып жатышат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости