www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова интернетте тарап жаткан видео боюнча пикирин билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

“Сталинди сүйлөтүп, карышкырларды бирден атып аткан видеого элибизге таанымал инсандардын аттарын жазып, таратыптыр. Булар уурулар деп, менин фамилиямды да кошуп коюптур. Автор ким жана кимдин буйругун аткарып жатканын билгим келди. Мындай кылбайлыбы, эгерде сен "настоящий эркек болсоң", анда жүзүңдү ач. Менин бетиме коюп бербейсиңби, мен кайсы фабрика, же заводду, же болбосо бир кичинекей киоскту менчиктештирип алдым? Эгерде, мен мамлекеттен бир нерсени менчиктештирип алганымда, апрель-июнь окуясынын чындыгы мен тарабынан айтылган учурда, ошол убакта мени жөн эле "жеп" коюшмак. Фейзбукту ачсак, бири-бирин каралаган, жалган жалаалар, уят сөздөр, күнөөсүз адамдарды күнөөлөгөн жана башка ушул сыяктуу акылга сыйбаган маалыматтар... Ошондуктан, кел эми, автор жолугалы, керек болсо тоого чыгалы. Эгерде, сен видеодогу сөздөрүңү далилдей албасаң, мен сени как "шакал" сыяктуу кабыл алып, чекеңе атып салайын... духун жетеби, мени менен жолукканга? - деди.

Булак, Nazarnews.kg

Последние новости