www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө Европалык эмдөө жумалыгы башталды

26-апрелден тартып, өлкөдө Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн негизги максаты – ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, коргоо жана эмделбей калган жарандарды учурунда эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат.

«Бул жылы дагы 26-апрелден 1-майга чейин өлкө аймагы боюнча Европалык эмдөө жумалыгы өтөт. 1993-жылдан бери Кыргызстанда шал оорусу каттала элек. Бул өлкөдөгү эмдөөнүн өз убагында болуп жаткандыгына байланыштуу.

Кыргызстанда пландуу эмдөөнүн натыйжасында вакциналарга көз каранды сарыктын В түрү, кептөөр, сенек, ымыркайлар арасындагы кургак учуктуу менингит оорусу каттала элек. Өзгөчө 1993-жылдан бери шал оорусу токтоду.

Мындан улам, жогоруда аты аталган оорулардын кесепетин биздин коом унутуп бара жатат. Эмдөө жүрүп турбаса, бул оорулардын кайра пайда болуу коркунучу да бар. Жумалыктын алкагында жер-жерлерде атайын мобилдик эмдөө пункттары ачылат жана вакциналар бекер», - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости