www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Президент кошаматчылардан оолак болушу керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
--“Өлкөдө кадр саясатын турукташтыруу керек. Бул маселе өлкөдөгү толкундоолордун себептеринин бири. Кадр тандоо көйгөйгө айланды. Анткени “кадр баарын чечет” деген сөз бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок.
Эл көбүрөөк жогорку саясий кызматта отургандарга, депутаттарга, министрлерге, өкмөттүн мүчөлөрүнө нааразы. Акыркы 10 жылда Мамлекеттик кадр кызматынын мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Мурдагы президентке жакын адамдар келип, жасалган бир топ иштерди кайра талкалап кетишти. Президент кошаматчыларды кызматка дайындоодон оолактап, кесипкөй кызматкерлерге орун берилиши керек. Болбосо ошолор эле сазга батырат. Же мурдагы президенттердин катасын кайталап калышы мүмкүн”, - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg