www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Өлкөдө 400дөн ашык бейтаптын абалы оор

Акыркы сутка ичинде 2982 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын 199унан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бүгүнкү күндө 1449 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 62 бейтап өтө оор абалда экендиги айтылды.

13 адам (0,8%) — канааттандыраарлык абалда;

1029 (71,0%) — орто оордукта;

345 (23,8%) — оор абалда;

62 (4,2%) — өтө оор абалда.

Ал эми амбулатордук дарыланууда 1801 бейтап бар.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан.

Ал эми бир суткада стационардан 0, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4405 учур катталды, алардын ичинен 4317 медкызматкер сакайды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости