www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы, Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо программасы (ЮНИСЕФ) Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз авторефрижератор берет.
Машинеде ташууга ыңгайлашкан муздаткычтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 26-апрелде тапшырылат.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын «Sinopharm» вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.
Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде калкты жапырт эмдөөгө чакырып, май айында «AstraZeneca» вакцинасы келерин билдирген.
Булак: NazarNews.kg