www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстандын келечеги бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
--“Кыргыз Республикасы көз карандысыз демократиялык өлкө болгонуна 30 жыл болду. Бул аралыкта көп жолу Конституциялык реформа, бийликти күч менен алмаштыруу болду. Айрыкча акыркы окуялардан кийин Кыргызстан эгемен мамлекет катары күмөн туудуруп калды деген пикирлер четте да, ичте да айтылууда. Бул жагдайды коопсуздук, экономиканын алсыздыгы, бийлик кризиси, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү өңдүү негиздер болду. Мыйзамдык талаадан чыгып кете жаздадык. Бирок Кыргызстандын келечеги бар. Ушул жол менен кете берсек анда 20 жылда мыйзамдуу мамлекет болбой калышыбыз мүмкүн.
Кээбир мамлекеттерди көрүп атабыз. Мен дипломат эмесмин, айта берсем болот. Судан сыяктуу мамлекеттерде мыйзам таптакыр иштебейт. Ал жакта кимде курал болсо куралы жогун коркутуп, байлыктарын тартып алып, өз ара согуш боло берет. Эгемендүүлүктү алганыбыз бул тарыхый факт. Эгемендүүлүктү алган күндөн баштап бүткүл дүйнөлүк коомчулук Кыргыз Республикасын тааныды. Ушул мыйзамдуу мамлекетибизди сактап калышыбыз керек”, - дейт Бекешев.
Булак: NazarNews.kg