www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режиссер Артык Сүйүндүков тарткан «Шамбала» тасмасы «КМШ, Балтика жана Грузиянын мыкты тасмасы» номинациясында «Ника» сыйлыгына ээ болду.

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын маалыматына ылайык, «Ника» улуттук кинематографиялык сыйлыгы кинематография жаатындагы жетишкендиктери, анын ичинде илимий жетишкендиктери жана улуттук кинонун өнүгүшүнө кошкон профессионалдык салымы үчүн берилген кесипкөй кинематографиялык сыйлык катары түзүлгөн.

Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелде Москва шаарында өттү.

Тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Тасманын синопсиси:

Кыргызда «шам» - «жарык» дегенди билдирет. «Шамбаланын» түзмө-түз мааниси «шам» - «бала» же «жарык чачкан бала» деген маанини туюндурат.

Ал баланын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, ал эми экинчиси чоң атасы айтып берген жомок. Кийин экөө тең жок болду.

Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен багып чоңойткон Бугу жөнүндө илгерки жомокко - мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет. ⠀

«Ника» сыйлыгы 1988-жылдан бери тапшырылып келет. 90-жылдан тарта жеңүүчү жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Мыктылар жеңиштин канаттуу периштесинин элеси чагылдырылган статуэткага ээ болушат. Сыйлыкты Юлий Гусман негиздеп, анын көркөм жетекчиси болсо, Андрей Кончаловский 604 академиктин башын бириктирген киноакадемиянын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости