www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Дастан Бекешев: “Айрымдар кухнядан бактыларын табышты”

“Айрымдар кухнядан бактыларын табышты”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

--“Бүгүнкү күндө иштернеттин, социалдык тармактардын күчүн көрүп жатабыз. Социалдык тармактардан эмне деген гана сөздөрдү айтышпайт. Мисалы, интернеттен кичинекей эле балдар депуттарды, министрлерди сөгүшөт. Социалдык тармактарды колдонуучулардын психикалык жактан ооруган адамдар, түрмөдө ооруган адамдар дагы бар. Алар президентке, башка бийлик өкүлдөрүнө иштегенди үйрөтүп, акыл үйрөтүшөт. Элди экиге бөлүп, жат көрүнүштөр кайталанып жатат. Азыр 5 жылга чейин камаш керек деп жатышат. Учурда мен мыйзам долбоорун даярдап жатам. Негизи биринчи эскертип, айып пул салыш керек. Ага дагы болбосо анан камап, жазасын бериш керек. Ошондуктан адамдар сөз деп айта бербей, ойлонуп, баарын талдап сүйлөшсө. Ал эми айрымдар кухнядан бактыларын табышты. Аларды баарыбыз эле билебиз”, - дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости