www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоумен Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча үн катты. Ал келинчеги менен чогуу түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап, төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

«Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту, Каныкейим неге бул ишке бардың экен? 4 жөжөмдү, мени кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз? Бүгүн аза күтүп олтуруп, 3 күн сенсиз жашоо өткөрүп аябай кыйналганымды сездиң бекен? Кыздарым «апам качан келет» деп сурап жатат. Эмне деп жооп берем? Кичинекейим менден башка эч кимге көнбөй түндөсү «апа» деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээримиңе зар болуп жатат. Эмнеге ушуларды ойлободуң? Эх, бир канатым сынды. Кайрылдым, мүдүрүлдүм, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду, биз кыйналдык! Жүрөктө күйүтүм калды.

Кышында молдого барып, жол-жобосун кылганда «жакшы болуп калдым» дедиң эле го. Эмнеге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары. Сени өмүр бою унутпайбыз, биз үчүн сен тирүүсүң. Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойтконго аракет кылам, апасы! Аллах өмүр берсе, күч-кубат берсе адам кылып чоңойтом, берекем! Аллахтан жалбарып сурайм, бейиштен көрүшөлү. Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем! Бизди күтүп жакшы жат, менин түбөлүктүү сүйүүм!

Жүрөгүм ооруп, жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам эл, журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип, билбей менин үй-бүлөмө туура эмес карагандар, туура эмес билдирүү жазгандар Аллахтан корккула! Биз акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык! Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусу менен бул дүйнө менен кош айтышты. Бул бир дарт экен! Аны башынан өткөндөр гана түшүнөт.

Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби? Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем.

Эркектер, аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо, жашоо эмес экен! Кош, менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм! Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем!», - деп жазган Жарматов.

Эске салсак, Кадыр Жарматовдун жубайы 23-апрелде каза болгону маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости