www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 14 жаштагы кызынын боюнда бар экенин айткан жаран арыз жазды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде Түп РИИБине 39 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анын 14 жаштагы кызынын боюнда бар экендигин билдирип 16 жаштагы өспүрүм балага чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты райондук милициянын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg