www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илдет башталгандан бери 33 миңден ашуун объект текшерилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

30-апрелден тартып 28-сентябрга чейин жалпысынан 33 миң 56 объектиге текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинде коомдук тамактануу жайлары – 19,6 пайыз, соода-сатык түйүндөрү – 25,2 пайыз, сулуулук салондору 5,2 пайыз, транспорт кызматтары- 5,4 пайыз, вулканизация, СТО – 7,4 пайыз, мектеп, бала бакча – 5,0 пайыз жана башка объектилер – 32,2 пайыз.

Бардыгы болуп – 15 миң 334 санитардык талаптар берилген жана өкмөттүн 11-майындагы №244 «Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн жалпысынан 4775 протокол түзүлгөн, анын ичинен 4752 учурга айып салынган. Салынган айыптын жалпы суммасы 8 миллион 461 миң сом.

Салынган айыптын суммасы боюнча эң көп Бишкек шаары, андан соӊ Ош облусу, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Баткен облустары. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости