www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга  расмий визитинин алкагында бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия Премьер-министри Кыргыз Республикасы менен Венгрия ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусу жөнүндө меморандум;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы квоталык орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон аппараттарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө меморандум;

—  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлиги ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгриянын Өкмөтү ортосунда эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги менен Венгриянын Ички иштер министрлиги ортосунда суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Финансы министрликтеринин ортосунда өз ара байланыш жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Ошондой эле, Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес форумунун жүрүшүндө  кол коюлушу күтүлүп жаткан документтер:

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуусу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Будапешт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости