www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул тууралуу Кубатбек Боронов бүгүнкү онлайн жыйында билдирди.
Анын айтымында, вирус жаңы аныкталган 10 адамдын баары Жалал-Абад облусунун тургундары.
Ошентип, өлкө аймагында коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 94 адамга жетти.
Алар:
Жалал-Абад облусунда-50;
Ош облусунда-24;
Баткен облусунда-1;
Чүй облусунда-3;
Бишкек шаарында-7;
Ош шаарында-8;
Нарын облусунда-1 адам катталды.
Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.
Кубатбек Боронов өлкө жарандарын карантиндин шарттарын сактап, ооруну жайылтпоого салым кошууга чакырды.
“Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда жарандар ээн-эркин көчөгө чыгып жатышат. Бул инфекциянын жайылышынын бирден-бир көйгөйү болуп жатат. Ошондуктан, бардык чектөөлөр аткарылышы керек” дейт Боронов.
Булак: NazarNews.kg