www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын “Мейкиндик” баракчасы Кыргызстандын учурдагы абалы тууралуу билирүү жазып чыкты.

“Пандемия – Кыргызстанда эскилердин сүрүлүп, жаңы көз караштардын агымын алып келүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

Бүтүндөй дүйнө мамлекеттери коронавирус пандемиясы менен кармашып турат. Көзгө көрүнбөгөн, үн-сөзү жок жоо дүйнө элдеринин дээрлик жарымын үйүнө камап койду. Дүйнөлүк экономика олуттуу жабыркоодо. Ансыз да экономикасы очорулган абалынан өйдө көтөрүлө албай турган мамлекеттер үчүн бул пандемия өтө чоң сыноо болуп турат.

Ал эми карапайым элдин турмушуна бул апаат илдет кандай таасир этип турат? Адамдар азыр өзүнүн ата-эне, бир тууган, уул-кыздарынын амандыгын тилеп, материалдык дүйнөнүн азгырыгынан азыраак болсо да оолактап калгансыды. Эң башкысы ден соолук жана амандык экенин аңдай баштадык.

Эксперттердин айтымдарына караганда, коронавирус пандемиясы дүйнөлүк тартипти түп-орду менен өзгөртөт. Адамзатынын глобалдашуусу, универсалдашуусу жана интеграциясы ооздукталып, аркага чукул бурулуш алып, мамлекеттүүлүктүн ролун жогорулатуу, авторитардык режимди орнотуу жана анын үстөмдүгү, ашыкча ачыктык жана эркиндиктин чектелишин карай багыт алат дешүүдө. Адамзатынын тарыхында чукул бурулуштар ар кандай олуттуу себептер менен коштолуп турганын жакшы билебиз. Андыктан бул пандемия да чукул бурулуш жасоосу толук мүмкүн.

Жер каймактагандан бери жер бетинде кандай гана доорлор алмашты. Убагында дүркүрөп өнүккөн державалар болду, кайра кыйрады. Орун алмашуулар болду. Байыркы заманда египтяндар, индустар, кытайлар, финикийлер, перстер, гректер, римдиктер өтө ийгиликтүү болушса, орто кылымдарда Англия, Франция, Испания, Нидерланд, Осмон Империясы (Туркия) дүркүрөп өстү. Андан кийин АКШ, Германия, Италия, Кытай Эл Республикасы, Түштүк Корея, Сингапур, Англия, Франция, СССР, Малайзия сыяктуу мамлекеттер алдыга чыкты.

Ал эми биздин мамлекет – Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы беш жылында жалындуу дем менен бир топ жаңыча кадамдарды жасаганы менен, андан кийин алдыга жыла албай, улам очорула артын көздөй кете баштады. Эки жолу революция жасалды. Бирок, ал жөн гана бийлик башындагы адамдын алмашуусу болуп калды. Калганынын баары мурдагылар эле болду. Ошондон улам, бийликти мындай жол менен алмаштыруу эч кандай эффект бербей турганын да түшүндүк.

Ачыгын айтыш керек, азыркы тапта парламентте, өкмөттө отургандардын басымдуу бөлүгүнө элдин ишеними аз. Өзгөчө парламентте отургандардын көпчүлүгүнүн чыныгы жүзүн ушул коронавирус пандемиясы элге ачыктап койду. Шайлоолордун алдында элге акчаны суудай чачкан партиялар азыр коңулга кирип кеткендей абалда. Баягы ашынган олигарх саясатчылар коронавируска каршы күрөштө өкмөткө каражат жагынан жардам кылып коеюн деп да үн катышпайт (бирин-экинин гана кошпогондо). Алардын ордуна элге таптакыр эле белгисиз, саясат менен иши жок кыргыздын жигиттери миллиондогон сомдук жардамдарды берүүдө.

Демек, бул пандемияны ийгиликтүү жеңип алсак, андан соң саясаттагы эски жүздөрдү, эл башына кыйынчылык түшүп турган маалда кол сунгулары келбегендерди, саясатты жеке бизнестерин гүлдөтүү үчүн гана пайдалангандарды тазалай турган убакыт келди. Алар эми эл алдында актана турган да сөз таба алышпайт, табышса да эл ишенбейт. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо зарыл. Пандемия Кыргызстандын саясатын да, экономикасын да, маданиятын да түп-тамырынан жаңы нукка буруу мүмкүнчүлүгүн берип турат”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости