www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай бийлигинин айтымында өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны күн сайын азайып баратат. Коронавирустун таралышы башталгандан бери, илдеттен 75 770 адам айыгып, 93%ды түздү.
Акыркы бир күндүн ичинде 322 бейтап ооруну жеңип, 4 адам каза болгон.

Бул өлкөдө коронавирусту 81 470 адам жуктуруп, эпидемиядан 3304 жаран каза болду.
![]()
Ушул тапта Кытайдын ооруканаларында коронавирустун жаңы түрүн илештирип алгандардын ичинен 2396 гана адам калган. Бирок, оорулуулар менен тыгыз байланышта болгон дагы 19 200дөн ашуун адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, 28-марттан тартып Кытай чет өлкөлүктөргө эшигин жапкан. Сырттан келген кытайлык жарандар карантинге алынат.

Эске сала кетсек, коронавирус инфекциясы 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан чыккан. Кийин бүткүл дүйнө жүзүнө тарап, 200гө жакын мамлекетке жайылган.

Булак: NazarNews.kg