www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу башкы прокуратура маалымдады.
Ал эми жоруктан 30 пайызга көбөйүп, 12 миң каттоого алынган.
Кылмыштардын 61 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.
Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11,6 пайызы оор жана өзгөчө оор деп бааланат. Алардын негизги бөлүгү жеке менчикке карата жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттер.
Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5%га өстү.
Адам өлтүрүү - 26 пайызга, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны - пайызга, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү - 6 пайызга көбөйдү.
Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.
Кылмыштын саны Ысык-Көлдө 2,4 эсеге, Ош шаарында 1,7 эсеге, Ош облусунда 1,5 эсеге жана Бишкек шаарында 1,4 эсеге өсүшү белгиленди.
2021-жылдын алты айында 13 миң киши кылмыш жасап, алардын саны 15,6 пайызга көп.
Кылмыш жасоого шектелгендердин 17 пайызы - аялдар, 5 пайызы - жашы жете электер.
Булак: NazaNews.kg