www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда коронавируска каршы эмдөө аркылуу коргонуп жатабыз. Бирок келечекте мындай вакциналарды ингалятор (жыттоо же дем алуу) же болбосо ичкен дары катары алып калышыбыз мүмкүн.
Түштүк Швециядагы эң ири илимий парктардын бири болгон Медикон айылындагы жарык жана кенен лаборатория. Ичинде химик Ингемо Андерссон көлөмү ширеңке кутусунун жарымындай болгон ичке пластик ингаляторду кармап тургат.
Анын командасы бул кичинекей өнүм коронавируска каршы глобалдык күрөштө чоң иш аткарат деп үмүттөнөт. Анткени келечекте упа түрүндөгү вакцинаны адамдар үйлөрүндө эле алууга шарт түзүлөт.
“Аны өндүрүү оңой жана чындыгында арзан. Кичинекей пластик тасманы алып салсаң эле, вакцина ингалятору ишке кирет, аны оозуңа такайсың. Терең дем алып жутасың”, - дейт астма менен ооругандарга ингалятор чыгарган фирманын башкы директору Йохан Ваборг.
Булак: NazarNews.kg