www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө социалдык төлөмдүн баары өз убагында аткарылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы вице-премьер Эркин Асрандиевдин айтымына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, вице-премьер бүгүн, 8-октябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн. Анда Асрандиев мамлекеттик органдар штаттык режимде иш алып баруусун уланта турганын айтып, кышка карата жылуулук берүү боюнча чараларды тездетүү керек деген.
"Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарышы керек. Элдин турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жумуштарын күчөтүшү зарыл", — деди Асрандиев.
Кеңешмеде коронавирустун жайылып кетпөөсүн алдын алуу боюнча да маселе козголуп, тийиштүү тапшырмалар берилген.
Булак:NazarNews.kg