www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы оор кырдаалга байланыштуу "Биримдик" саясий партиясынан депутаттыка талапкерлигин койгон Аида Исмаилова "Топтошкон адамдар бийлик органдарын басып алып, өзүм билемдик менен кызмат талашууга өтүштү. Ал аралыкта башкаруусуз жана лидерсиз калган аламан, көзүнө көрүнгөн жерди талкалап, ири өндүрүштүк иш каналарды басып алып, өрттөп, күлүн көккө сапырып жибергенге үлгүрүштү" , -  деген пикирин Фейсбук баракчасына жазды. Төмөндө Исмаилованын билирүүсүн өзгөрүүсүз беребиз.

"Бүгүн, кыргыз эли, биздин сүйүктүү мекенибиз башынан эӊ оор, тарыхый күндү өткөрүп жатат. Үч күн ичинде түзүлгөн кырдаалдан улам, мамлекет укуктук талаадан чыгып кетти. Топтошкон адамдар бийлик органдарын басып алып, өзүм билемдик менен кызмат талашууга өтүштү. Ал аралыкта башкаруусуз жана лидерсиз калган аламан, көзүнө көрүнгөн жерди талкалап, ири өндүрүштүк иш каналарды басып алып, өрттөп, күлүн көккө сапырып жибергенге үлгүрүштү. Эч ким мамлекеттин эртеӊи кандай болот деп кабатыр болгон жок. Биздин экономика ансыз дагы пандемиядан кийин жыргаган абалда эмес эле. Азыр мамлекетке ири суммадагы салык төккөн ишканалар өрттөлдү, инвесторлор качып чыгып кетти. Чек-аралар жабылып, соода жүргүзү тармагы начарлап, бизнес сектор кескин төмөндөдү. Мунун кесепети эртеӊ өлкөбүзгө терс таасирин тийгизет. Жүз миӊдеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, миллиондогон аз камсыз үй-бүлө жана пенсионерлер бар. Алар алган жөлөк пулдары менен күн көрүп жашайт. Бүгүн баш аламан болуп, бардык тармактарды талкалап, мыйзам талаасынан чыгып кеткен абалды уланта берсек, эртеӊ алардын күнү кандай болот? Аны ойлогон жан барбы? Жакырчылык дагы күчөйт, элдин социалдык абалы начарлаган учурда кылмыштуулук өсөт.

Ооба, буга чейин барыбыз түрдүү көз карашта, саясий баалуулуктарыбыз бөлөк адамдар элек. Маданияттуу атаандаштыкты камсыздай албай, аягы чыр-чатак менен коштолгон окуяга жеттик. Бул үчүн бардык тараптардын күнөөсү бар деп эсептейм. Бирок, бүгүн башка көз карашта экенибизге карабай, мамлекеттин мыйзам талаасына кайтып келишине шарт түзүп, салым кошуубуз зарыл! Кызмат талашып, мыйзамсыз кадамдарга барып жаткан, эмоционалдуу жаштарды сабырдуулукка чакырам.
Парламент Премьер-министрди жана Жогорку Кеӊештин төрагасын шайлап алды. Бүгүн, аларга мүмкүнчүлүк берип, колдоп, стабилдүүлүккө кайтып келели. Алдыда кылычын кармап кыш келе жатат, пандемиянын экинчи коркунучу дагы бар. Мына ушуларды эске алалы, сабыр кылалы! Кызмат колдун кири, байлык колдун кири деп ата-бабабыз айтып кеткен. Эч ким кызматка жабышып алган жери жок. Элдин бүгүнкү тилеги – мыйзамдуулук жана стабилдүүлүк! Күн сайын жаӊы топтор, саясий амбициясы күч аламандар пайда болуп жатат. Кыргызстан кыйын абалга кептелип, бийлик алсызданып кеткенден пайдаланып басып ала коелу деген ниети бузуктар дагы арабызда кыйкырып, элдин башын айлантышууда. Кыргызстандын бүгүнкү күндө мыйзамдуу башчыбыз, президентибиз бар! Сооронбай Шарипович стабилдүүлүккө кайтып келүү үчүн бардык саясий топторду сүйлөшүүгө чакырып, арбитр болуп берүү ниетин айтып, кайрылуу кылды. Эгерде кызмат талашып жаткандардын жүрөгүндө мамлекет деген кыпындай кабатырлануу болсо, анда президент менен биргеликте жалпы элдин тынчтыгын камсыздоого кол кабыш кылуусу зарыл! Биздин мамлекеттин тагдыры, эгемендигибиз азыр кылдын учунда турат. Ушундай маалда кызмат талашып, жеке кызыкчылыктары үчүн кырды-бычак болуп тирешкендердин кылыгы тарыхый жана кечирилгис ката деп эсептейм!

Урматтуу мекендештерим!
Ыйык мекенибизди сактап калууга барыӊыздарды ынтымак жана сабырдуу болууга үндөйм. Чагымчыл жана өлкөбүздө тынчтык болуусун каалабаган күчтөрдүн курмандыгы болуп калбайлы. Кыраакылык жана сабырдуулук менен мыйзам талаасына кайтып келели! Кыргызстаныбызды Кудай колдосун!", - деп жазган Исмаилова.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости