www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети саламаттык сактоо мекемесинин капиталдык оңдоп-түздөө иштери аяктады. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Алардын курулушу республикалык бюджеттен, жана «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фондусу»  тарабынан каржыланды. Объектилердин долбоордук кубаттуулугу — 595 койка-орун.

Маалыматка ылайык, медициналык мекемелерде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулган. Ошондой эле полдорун жаңы линолеумга алмаштырып, жылуулук системасы жасалган. Андан сырткары, чатырдын, электрмонтаж, сантехника, вентиляция жана жылытуу жабдуулары толугу менен жаңыртылган.

Алардын тизмеси:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы № 59 техникалык лицейдин профилин 150 орундуу стационарга өзгөртүү;

2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы Салихов көчөсүндөгү 90 койкалуу поликлиниканы оңдоп-түздөө;

3. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу жалпы дарыгерлер практикалык борборуну оңдоп-түздөө;

4. Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананы оңдоп-түздөө жумуштары;

5. Чуй облусунун Кемин районунун Орловка шаарчасындагы 45 орунга ылайыкталган оорукананы капиталдык оңдоп-түздөө;

6. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын 150 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөө жумуштары;

7. Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы ФАПты капиталдык оңдоп-түздөө жумуштары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости