www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Жогорку соттун “Кыргызстан” партиясынын пайдасына  чыгарган чечими боюнча профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен баарлаштык.   

- Каныбек агай, “Кыргызстан” партиясына сот күтүлүп эле жаткан чечимди чыгардыбы же калпыстыкка жол бердиби?

- Мен мындай финал болоорун алдын-ала 24-августта эле айткан болчумун. Аны айтууга көзү ачыктыктын деле кереги жок эле. Шайлоонун кынтыксыз сценарийи ушул жылдын башында эле түзүлүп, тиешелүү күчтөрдүн катышуусу менен бекемделген. Ошондуктан админстративдик сот менен Жогорку соттордун чечими мени таң калтырган жок. Ушундай эле бүтмөк. Драма-пьеса жазгандар колдорун ушалап, маашырланып олтурушат. Негизги актёрлор тапшырылган ролдорун дурус аткарышты. Керектүү саясий партия дагы өз вазийпасын толук аткарып, эми шайлоого "жүзү жарык" бара берсе болот. 4-октябрда өзүнө бөлүнгөн энчи мандаттарын алат. Ага толук ишене берели.  Бир гана карапайым эл оозун ачкан боюнча ары-бери басып жүрөт.

- Бул жерде катачылык  БШКдан кеттиби же Кыргызстан партиясынанбы?

- Катачылык деген түшүнүк жөнөкөй элге эле даярдалган азгырык. БШК менен "Кыргызстандын" "катачылыктары" элдин башын айландыруу эле болду. Кечээги Жогорку соттун чечими жалпы спектаклдин жыйынтыгын чыгарып берди. Айтаарым, баары жайында.  Эми  4-сентябрдан талапкер партиялар күргүштөгөн боюнча шайлоонун аламан байгесин баштап жиберишет дагы жогорудагы фарс кубулушутар унутулат. Анан баарыбыз 4-октябрга барып гана башыбызды көтөрөбүз жана шайлоонун "расмий жыйынтыктарын" кыңк этпей тааныйбыз!

- Айтканыңызга ынаналы. Бирок,  "Кыргызстан" партиясы  балансты сактоо үчүн гана шайлоого катышууга уруксат берилди деген кептер  да айтылып жатат го?

- Биле албайм. Бул - жакшы коюлган спектаклдин эле бир актысы. "Уруксат берилди" деген сөздөр чын болсо, элдин шору дагы каткан экен дейли. Ошондой мыйзамсыз "уруксаттар" менен эле 29 жылдан бери жашап келебиз. Жыйынтыгында Кыргызстан чоң катаклизмдин астанасына келип титиреп туруп калды. Андан аркы тагдырын ойлоодон дагы заарканып турам!!!

- Бу сапар “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышса да баштагыдай ийгиликке жетпейт. Айрымдары фондго төккөн каражатын алып чыгып кетиптир деген маалымат тарап жатат. Буга не дейсиз?

- Болушу мүмкүн. Бирок, Олигархиялык өлкөнү куруп киришпедиби! Мындай кырдаалда жалаң акча менен иш жасаган партиялар парламентти сөзсүз ээлейт. Элдин келечекке умтулган аракетин алар бучкагына дагы теңеп  коюшпайт. "Кыргызстан" партиясы сөзсүз өз энчисине ээ болот жана ал мандатын шайлоо участокторунан эмес, тынч кабинеттерде эле отуруп ээ боло алышат.

- “Кыргызстан” партиясы мандатты соодаага айландырган соодагерлердин партиясы дешчү эле. Ошол аракети үчүн элдин назарына калган эмеспи?

- Элге азыр баары бир болуп калгандай. Менимче эл өзүнүн катуу аракетин шайлоого чейин эмес, жаңы чакырылыш келгенден кийин баштачуудай болуп турат. Чычкан дагы жөрмөлөп кире албай турган кылышып бекемдешиптир.  Анын үстүнө эбегейсиз көп сандагы акча каражаттары чачылып жатат. Жүк ташуучу машиналар менен ташып жатышкандай! Анан жөн эле башкаларга кармата коюшмак беле. Карапайым элди айтпай эле коёюн. Ошондуктан соодагерчилик менен бир эле партия эмес талапкерлердин баары алектенип киришиптир. Бул өтө жаман көрүнүш. Аягы трагедия менен бүтүп калышы мүмкүн. Ушундай апаат ошол ишти кылгандардын өз баштарына гана көрүнсүн дээр элем. Ортодо эл чайналып кетиши мүмкүн. Ошондон Кудай сактасын!

- Соттун алдында митингге чыккандар БШКнын алдына келип, БШК азамат, БШКнын артында эл турат дешти. Бул нерсе БШК “Кыргызстанга” каршы чыгып, элдин мүдөөсүн аткарды дегенди түшүндүрөбү?

- БШК элдин мүдөөсүн аткарбайт. Буга чейин бири дагы аткарган эмес. Чындыгын эле айталычы. Эгемендик алгандан бери БШК качан бир акыйкат же адилет чечим чыгарып жүрдү эле? Ар бир шайлоо сайын укмуш митайымдуу амалдарды ойлоп таап, элдин башын айлантып эле жүрүшпөйбү? Азыр деле ошондой. Ал турсун андан дагы катуу амал-айлаларды жаратып келишиптир. "Кыргызстан" менен эле соттошумуш болушунун өзү эле эмне деген чебер жана наадан интрига! Бул дүйнөлүк шедевр! Көп элдер, анын ичинен атайын саясий серепчилер ооздорун ачкан боюнча, таңыркап карап турушат. БШК элдин мүдөөсүн аткарууга аракет кылды деген сөздүн өзү чоң жомок! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости