www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаровго кайсы жилик ыйгарылат?

Парламенттин сыйлуу жиликтери “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынан артпай кала тургандай. Андан калганын “Республика”, “Бир бол”, “Ата-Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” ала турган болсо, булардын эптүүлөрү парламентке киришип, эби жоктору талаада калчудай.

Адахам Мадумаровдун негизги электораты “Фейсбук” баракчалары, бирок “Фейсбук” баракчалары аны колдошкону менен дал шайлоо күнү туш-тарапка тарап кетишип эки ирет парламенттик шайлоодон, эки ирет президенттик шайлоодон куру жалак калды. Мадумаровдун кичи мекени Өзгөн аймагында премьер-министр Кубатбек Бороновдун карааны көрүнүп турат. 400 миң кишиси бар Кара-Суу районунда деле башка адамдын карааны көрүнүүдө. Деги бул шайлоодо Мадумаров үчүн оор болчудай.

Түндүк электоратында болсо үгүтчүлөр Мадумаровду жамандоо үчүн бир гана ооз “Каркыра” деген сыйкырлуу сөздү колдонушат. Болду ошол сөз жетет. Аки-чүкүсүн түшүнбөй турушуп эле аны тегиз жамандай башташат. Угушубузча Мадумаров тундүктун дагы бир кулуну Катани менен да “кылтыңдашып” тургандай. Шайлоодон жеңип келсе, Катанини борттон ары ыргытпаса болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости