www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карышкырлар эмнеге асманды карап уулушат?

Чындыгында, карышкырлар айга карап деле уулушпайт. Бул көрүнүш адамдарга эле ушундай сезилет. Бул тууралуу vokrugsveta.ru басылмасы жазды.

Алар эмнени кыйкырарын билишпейт. Асманды карап уулуганы бул жырткычтардын баарлашуусу жана социалдык жүрүм-турумунун эң маанилүү формасы болуп саналат.

Улуп жаткан карышкыр бир эле мезгилде бир нече максаттарды көздөйт. Мисалы, үйүрүнүн биримдигин сактоо жана алардын кандайдыр бир аракеттеринин ишке ашуусуна жардам берүү. Ошондой эле өздөрү жүргөн менчик аймагына ээлик кылуу максатында, а бирок көбүнчө табылган олжо жөнүндө кабар берет жана үйүр үчүн башка маанилүү кабарды айтуу учурунда улуп түшүндүрүшөт.

Мындан тышкары, адамдар уулуп жаткан карышкырларды айдын жарыгында гана байкай алышкан - жапайы жаратылышта алардын мындай иш-аракеттерди жасап жатышканын көрүү оңой эмес, ал эми айсыз түндө дээрлик мүмкүн эмес.
Булак:  NazarNews.kg

Последние новости