www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине ылайык, 5-сентябрдан тарта ресторан, кафе, ашкана жана чайханалар иштей баштайт. Бирок, буга карабастан банкеттерди жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Бир үстөлдө төрттөн ашык адам отурбашы керек, кызматкерлер болсо, беткап жана мээлей кийип жүрүүгө милдеттүү. Санитардык эрежелерди толук турдө аткарууга тийиш.
Мындан тышкары, ушул күндөн тартып театр жана кинотеатрлар да санитардык нормаларды сактоо менен өз ишин баштайт.
Көрүүчүлөр орундуктарга аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар медициналык беткап тагынып жүрүүсү керек. Бардык иш-чаралар эки сааттан ашпайт.
Дене табы 37 градустан жогору болгон адамдар мекеменин ичине киргизилбейт.
Муну менен бирге парктардагы аттракциондор да ушундай эле санитардык нормаларды сактоо менен ишин жандандырат.
Атайын комиссия жума, ишемби жана жекшемби күндөрү диний жөрөлгөлөрдү аткарууга да уруксат берди.
Булак: NazarNews.kg