www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы жана шайлоодон кийин өлкөдөн качып кеткен Өмүрбек Бабанов бүгүн, 26-сентябрда кайрадан Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу ошол эле партиянын айрым аткаминерлерлери соцтармактарга жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештеги “Республиканын” депутаты, ошол эле “Бобиктин” өкүл баласы катары айтылган Мирлан Жээнчороев коштоп кеткен.

Бабанов өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Финансы полициясында, азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Ал өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан. Бирок, коомчулук тарабынан анын бийлик менен “сүйлөшүп” алганы, ошол себептерден улам ал эч кандай камакка алынбай турганы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости