www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов Өзгөчө абал режимин киргизүүнүн эч кандай кажети жок экенин билдирди”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 26-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилбейт, бирок санитардык нормалардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлөт.

“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында штабда жыйын өтүп, өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынды. Бирок бир канча тапшырмалар берилди. Биринчиден, мамлекеттик кызматкерлерди мүмкүн болушунча аралыктан иштетүүнү карап көрүш керек. Экинчиден, Ош, Бишкек жана чоң шаарларда көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер тапшырылды”, — деди Каратаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости