www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаар тургуну катары, мен күндө Эркиндик гүлбагында жөө басканды жакшы көрөм. Көп жылдардан бери мен үчүн салтка айланып калган. "Жаңы Ордо" газетасынын өткөн санына менин шаар бийлигине, мэр Азиз Суракматовго карата каралбай калган Эркиндик гүлбагынын азыркы абалы туурасында өз ойлорумду жазган элем. Бүгүн дагы ошол жерлерди аралап чыктым. Эч кандай өзгөрүү жок.

Демек, шаар башчысы өзүнүн менчик "Елизаветасына" болгон сүйүүсүнөн, шаардын турмушу экинчи планга сүрүлүп калган го. Бул тоң моюн, мурдун балта кеспеген Суракматовдон эч кандай жылыш болбогонуна көзүм жетти.

"Ала-Тоо" кинотеатрынын айланасы, шаардын так ортосу деп эсептелинет. Ал эми, Эркиндик гулбагы шаардыктардын.четтен келген коноктордун сүйүктүү жайы эмеспи. Бүгүнкү сөз Ч. Айтматовдун ысымын алып жүргөн орус драма театрынын бет мандайына жайгашкан, азыркы күндө кароосуз калган "Төрт мезгил" рестораны туурасында сөз болмокчу. Шаардыктарга белгилүү болгондой, бул ресторанды драма театрдын бет маңдайындагы театралдык аянтчанын жерин басып алуу менен салышкан. Шаар бийлиги бул мыйзамсыз салынган ресторанды бузуп, ал эми ал жердеги жер тилкесин орус драма театрына өткөрүп бериш керек. Ошондо гана мыйзамдуу болот деген пикирдемин. Азиз мырза "Елизавета" курулуш компаниясынан колуңуз бошобой жатса, аппарат башчыңыз Балбак Түлөбаевди "Төрт мезгил" рестораны жайгашкан жайдан кабар алып келгени жөнөтсөңүз болот. Антпесеңиз, бу Балбак мырза, кышындасы жылуу, жайкысын салкын кабинетинде интернеттен башы чыкпай, семиргенинен жарылайын деп калыптыр.

Ошол жерлерди аралап, кичине болсо да арыктасын.

Айбек Касымов, шаар тургуну

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости