www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 25-июнунда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Т.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган. Бирок, Т.К. башкы бухгалтери жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.

Тактап айтканда, 2019-жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас областынын аймагында коротулгандыгы аныкталган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген. КР эсептөө палатасынын актысына ылайык, 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун суммасы 1 066 100 сомду түзгөн.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-б. 2-п. (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-февралында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости