www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Санкт-Петербург облусундагы Ильино кыштагында 7 айлык бала мискейдеги сууга тумчугуп каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө шилтеме берип, жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полицияга окуя тууралуу 24-июнда саат 19:00 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда айылдагы үйлөрдүн биринен мискейдеги суунун ичинен наристенин жансыз денеси табылганы айтылган. Мискейдин бийиктиги 30 сантиметрдей болгон.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, наристе сууга тумчугуп каза болгон. Бирок анын өлүмүнүн анык себеби экспертизадан кийин белгилүү болот. Баланын ата-энеси Өзбекстандан келген мигранттар, атасынын айтымында, ошол учурда ал сыртта эгин талаасында иштеп жаткан. Наристенин 23 жаштагы апасы үйдө бала менен отурган, бирок он мүнөткө башка жумуштарга алаксып калганда, бул кырсык болгонун билдирген.

Баланын ата-энеси полиция бөлүмүнө жеткирилген, учурда убактылуу кармоочу жайда. Окуя боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости