www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана жолдор министрлиги коррупциянын очогуна айланганы көп жылдар бою айтылып келип, орун басары 500 миң долларлык пара менен кармалган маалда жемкорлуктун бети ачылганын билебиз.

Ошондо моралдык жоопкерчиликти моюнга алып министр Ж.Калилов отставкага кеткени барыбызга маалым. Анан эле тармакта бир күн иштебеген Жанат Бейшеновду таап чыгышып, жемкорлукту жоёт деген ишеним менен жетекчиликке дайындашкан. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, элге жүзүн көрсөтөрү менен «бул Бейшеновдун өңү-түсү, кебете-кешпири, дегеле турган турпаты менен коррупция жыттанат экен» дешкен. Айтылган кептер чын чыгып, жолдор министрлигиндеги коррупция мурдагыдан бешбетер былгып жатып калды. Чекеден камалып жатат. Орун басары Жеңишбек Ногойбаев министрликтеги кыңыр иштерди жабыш үчүн УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип жатып кармалды. Ага улай агенттиктин башчысы Анарбек Бекмуратов да темирторго киргизилди. Бирок, Бейшеновдун бодурайган бети «бетон» экен, Калиловдой болуп отставкага кетпей койду. Жемкорго жетекчилик жоопкерчилик тартат деген Президенттин сөзүн да көзгө илбеди. Колуңдан келгенин кыл дегендей эле отурат. Өкүнүчтүүсү, карантин бүтөрү менен Бишкек-Ош автожолунда ири коррупциялык схема аныкталып, министрликтин 12 кызматкери кармалды. Алардын арасында «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары да тузакка түштү. Көп өтпөй, «Кыргыз темир жолу» иш-канасынын жакында эле кызматтан чегинген жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында камалды.

Айтор, Жанат Бейшенов келгенден бери жемкорлук болуп көрбөгөндөй гүлдөдү. Факты менен кармалып жатат. Тилекке каршы, «Алтын балыктын» образындагы Жанат мырза үн катпай отурат. Демек, алар менен «табакташпы»?

Булак: Де-Факто

Последние новости