www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамзан Кадыров Бишкектеги карылар үйүнө керектүү буюмдарды расмий түрдө тапшырат. Тийиштүү билдирүүнү коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, дүйшөмбү (29-июнь) күнү Рамзан Кадыров тарабынан берилген Данга Битаев жашаган карылар үйүнө - минивэн, муздаткычтар (холодильник), телевизор, кир жуугуч машина, идиш-аяк, компьютер, кийим-кече, бут кийим, стол, отургуч жана башка көптөгөн белектерди расмий түрдө тапшыруу аземи болот.

Эске салсак, буга чейин Чеченстандагы "Ахмат ажы Кадыров" атындагы коомдук аймактык фонд Бишкектеги карылар үйүнө 30 миң доллар которгон.

Аталган карылар үйүндө чеченстандык Данга Битаев 10 жыл бою күн кечирген. Кечээ Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен Бишкекке атайын учак келип, карыяны алып кеткен.

Бир нече күн мурда теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чеченстанда туулган карыя тууралуу видеотасма чыгарган. Анда 81 жаштагы Битаев мекенине баргысы келерин билдирген. Ал 1944-жылы Кыргызстанга депортацияланып келип калган. Бул кабар Рамзан Кадыровго жеткенден кийин аксакалдын Грозныйдан туугандары табылып, Чеченстан башчысы аны мекенине алып келүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости