www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого кам урган саясатчылар «иттин кара капталынан» болууда. Бу кургурларды образдуу салыштырганда ар кай жерге «үйүгүшүп» чогулуп, топтошуп атышат. Эптеп эле парламентке кирип кетүүнү көздөп атышат.

«Иттин уулу Байгара да аттанган» мындай топто Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» партиясы да бар. 2015-жылы июнь айына чукул түзүлүп, октябрда парламенттин жылуу төрүнөн орун алган бул партия кайрадан аракетке өтүшүп, жандалбасташууда.

Мейли, каалашынча аракетин кыла беришсин. Кызыгы, буларың 2015-жылы берген убадаларын ошол эле жылы нан менен жеп алышкан эргулдар бүгүн парламентти «проходной дворго» айлантышып, фракциядагы депутаттарды коркутчусун коркутуп, пулдачусун пулдап, мандатынан баш тарттыруу аркылуу тизмедеги кезек күтүп отурган бир катар талапкерлерди шагыраган тейде депутаттыкка алып келишүүдө. Жөнөкөй логика, парламенттин мөөнөтү бүтөөрүнө 3 айга жетпеген убакыт калды. Бул аралыкта келген жаңы эл өкүлү эмне иш кылганга жетишет? Бул тек гана алдыдагы шайлоого карай кызылдай соодалашуу экени, добуш алуу үчун тизмедеги кезек күткөндөрду шагыраткан тейде парламентке алып келип, алардын өмүр баяны үчүн «өмүрүндө депутат болгон» деген ысымды тартуулаш үчүн парламентке алып келип, келээрки шайлоодо алардын добуштарына туйтунуу керек экендиги сокурга деле көрүнүүдө. Уят эй? Бизнес, пул жасоону парламенттен башка жерден кылышса болбойбу? Шаршенбек Абдыкеримов, Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков үчөө Жогорку Кеңешти "парламенттик бизнес" моделине өткөрүп алыштыбы? Биз алдыңкы күндөрү мандатын тапшыргандарды кандай жол менен парламенттен куушкандыгы тууралуу кызыктуу фактылар түрмөгүн иликтемекчибиз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости