www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын коюп, укук коргоо, көзөмөл, сот органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча күчөтүлгөн иш-аракеттерди жасаганы экс-президент А. Атамбаевге жакпай калганы коомчулукка ачык эле белгилүү болуп калды. Ал президенттик кызматынан кеткени менен өзүнүн бийлик структураларында калган кадрлары (мурунку жансакчылары, катчылары, кеңешчилери, шоопурлары, күйөө балдары, кудалары) аркылуу дагы деле бийликти өз колунда мыкчып тургусу келгенин да жашыра алган жок.

Ал ачык эле өзүнүн кадрларын коргоп, учурдагы мамлекет башчысынын айрым иш-аракеттерин, тагыраак айтканда кадрларды алмаштыруусун сынга алды. Бирок, кыргызстандыктардын талабы президент С. Жээнбековдун жасап аткан кадамдары менен үндөш болууда. Сот, укук коргоо, көзөмөл органдарында коррупция терең тамыр жайып кеткенин карапайым кыргызстандыктар эң сонун билет. Андыктан президенттин бул органдардагы коррупцияны жоюу аракетин кош колдоп колдошууда.

Бирок, экс-президент дагы деле эски «методу» менен президентке каршы саясатын жүргүзүп, өзүнүн жасап кеткен былык иштерин жаап-жашыруу аракетинде болууда. Ал үчүн ал колдон келишинче өзүнүн кадрларын бийликте сактап калууга аракет жасап турат.

16-апрелде экс-президент мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарын жыйнап алып, жыйын өткөргөнү маалым болду. Ага И. Өмүркулов, А. Кулбараков, Д. Аттокуров, А. Арапбаев, А. Артыков, Ч. Турсунбеков, М. Аманкулов, А. Алтыбаева, Б. Жетигенов, М. Мадеминов, А. Кодуранова, Р. Момбеков, Э. Сурабалдиева, Е. Строкова, А. Самигуллина, М. Айнакулов, К. Орозова, С. Жураев, Д. Бекешов катышкан.

Экс-президенттин бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшүнө каршы чыгып атканын, өзүнүн жансакчыларынан, кеңешчилеринен, күйөө балдарынан, шоопурларынан куралган кадрларын коргоо аракетин көрүп атканын билип туруп, аны менен жолугушууга барган депутаттардын принциби кандай болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Эгерде алар жөн гана Атамбаевдин көңүлүн кыя албай барышкан болсо башка кеп, эгерде Атамбаевдин улам чыгып аткан былык иштерин жаап-жашырууга, аны коргоого көмөк көрсөтүү үчүн барышкан болсо, анда алар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп атышканы дей берсек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости