www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Ага Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 37 мүчөсүнүн он тогузу катышты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жыйындагы негизги жаңылыктардын бири – Фарид Ниязов партиянын саясий кеңешинен кетээри жөнүндө маалымат болду. Бул тууралуу экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтканын депутат Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кийинки аптада Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, саясий кеңештин курамы боюнча талкуу өткөрөт.

Момбеков жолугушууда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, саясий кеңештен чыгарыларын жарыялаганын кошумчалады:

- Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, "ал “Апрель” деген кайрымдуулук фондду жетектейт" деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди, - деди Момбеков.

Момбековдун айтымында, жыйында Алмазбек Атамбаев жаңы президенттин кадр саясатына да нааразылыгын билдирген.

- Атамбаев бүгүн коомдук-саясий абал боюнча өзүнүн пикирин айтты. Биз дагы коомдо болуп жаткан окуялар боюнча ачуу чындыкты айттык. Ошондой эле жыйында экс-президент башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан алынышы тууралуу да айтты. "Жогорку Кеңешке барса болмок же барбаса да арызын жазып берсе болмок" деген пикирин билдирди. Ошондой эле учурдагы президенттин кадр саясаты боюнча капачылыктары бар экенин айтты. "Биз деле учурунда сиз даярдаган кадрларга капа болуп келгенбиз" деп пикирибизди ортого салдык. Негизинен жолугушууда ачык баарлашуу болду, -деди Момбеков.

Экс-президент менен жолугушуу боюнча КСДП партиясынын катчылыгы да кабарлады. Анда партиянын 2020-жылга парламенттик шайлоого даярдыгы талкууланганын кабарлады.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президентинин кызматынан 2017-жылы ноябрда мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кеткен. Мамлекет башына анын партиялашы, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо жолу менен келген. Атамбаев КСДПга төрагалык кылууну 31-марттан бери улантууда. Ошол курултайдан кийин Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун айрым иштерин сынга алган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости