www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-апрелде мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында экс-президент А. Атамбаев парламенттеги КСДП фракциясынын 19 депутаты менен жолугушуу өткөргөнү белгилүү болду. Ошол жолугушууда ал учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп аткан кадр саясатына нааразы болуп атканын билдириптир.
Бул туурасында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков маалымат булактарынын бирине мындай деген: «Атамбаев бүгүн коомдук-саясий абал боюнча өзүнүн пикирин айтты. Биз дагы коомдо болуп жаткан окуялар боюнча ачуу чындыкты айттык. Ошондой эле жыйында экс-президент башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан алынышы тууралуу да айтты. "Жогорку Кеңешке барса болмок же барбаса да арызын жазып берсе болмок" деген пикирин билдирди. Ошондой эле учурдагы президенттин кадр саясаты боюнча капачылыктары бар экенин айтты. "Биз деле учурунда сиз даярдаган кадрларга капа болуп келгенбиз" деп пикирибизди ортого салдык. Негизинен жолугушууда ачык баарлашуу болду».
Демек, экс-президент өзүнүн кадрларынын кызматтан алынып атканына өтө катуу бушайман жеп атканын түшүнө берсек болот. Момбеков айтмакчы, убагында Атамбаев өзүнүн жансакчыларын, кеңешчилерин, катчыларын, шоопурларын, күйөө балдарын, кудаларын чоң кызматтарга коюп атканда да көпчүлүк анын кадр саясатына нааразы болгон. Азыркы тапта Атамбаевдин мурда эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштеп көрбөгөн жансакчылары ээлеп келген кызматтарга тажрыйбалуу, чыныгы профессионал кадрлар келип атканын көрүп атабыз. Андыктан С. Жээнбековдун кадр саясатына нааразы болгончо, А. Атамбаев убагында өзү жүргүзгөн кадр саясатынан уялышы керек.
Булак: NazarNews.kg