www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө пандемия шартында иштеген патологоанатомдорго кошумча төлөмдөрдү берүү каралды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча төлөмдөрдү берүү кайрадан каралды. Буга чейин үч категория боюнча - ооруканаларда, эпидемиянын очогунда жана "Тез жардам" кызматында иштеген медицина кызматкерлеринин маянасына кошумча төлөмдөр берилери айтылган.
"Азыр биз аларга патологоанатомдорду коштук. Өлүкканада иштеген күндөрү медициналык кызматкерлер айына 78 миң сомдон ашык акча алышат", - деди Исмаилова.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов июль айынан баштап жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg