www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Ангор районунда күйүүчү май жүктөлгөн цистерна жарылып кетти. Кырсыкка техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болгон, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуя кечээ, 28-июлда саат 22:00 чамасында кампалардын биринде болгон. 1981-жылы туулган ширетүүчү жумушчу К.И. май куюлган 10 тонналык цистернаны бүтөөгө аракет жасаган. Анын кесепетинен цистерна жарылып, аталган жумушчу окуя болгон жерде көз жумду. Ал эми анын жанындагы адам ооруканага жаткырылды.

«Өрт цистернанын жанына токтотулган жүк ташуучу унааны жок кылды. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр чакырылып, кесепеттер жоюлду», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости