www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында абал курч экени, анда аймактык ооруканада медкызматкерлердин жетишсиздиги бар экени айтылган. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова аталган аймакта чындыгында эле медперсоналдын жетишсиздиги болгонун билдирди. Бул тууралуу ал онлайн брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.
"Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" санаторийинде жана аймактык ооруканада стационарлар ачылган, чындыгында эле медицина кызматкерлердин жетишсиздиги болгон. Бул кызматкерлердин инфекцияны жуктуруп алышы жана каза болушу менен байланыштуу. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектен дарыгерлерди жана реаниматологдорду жөнөттү. Борбордон барган медкызматкерлер "кызыл зонада" иштеп жатышат. Мындан тышкары Орусиядан келген медкызматкерлердин 1 тобу дагы көмөк көрсөтүүдө", - деди вице-премьер.
Булак: NazarNews.kg