www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадордо туугандары бир айга жакын өлдү деп эсептешкен 74 жаштагы аял Гуаякиль шаарындагы ооруканада эсине келди. Бул тууралуу Comercio жергиликтүү басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  27-мартта Гуаякил ооруканасында өлдү деп эсептелген Альба Марури Гранда бейшемби күнү эсине келип, эжесинен аны үйүнө алып кетүүсүн өтүндү.

Гранда каза болду деп жарыяланганга чейин, анын температурасы 42 градуска көтөрүлүп, дем алуусу начарлап кетип, бейтап эс-учун жоготуп койгон. Дарыгерлер анын атын аралаштырып, үй-бүлөсүнө анын өлүмү жөнүндө жаңылыш маалымат беришкен.

Сегиз күндөн кийин туугандары анын сөөгү деп аталган калдыктарын көмүп салышкан. Үй-бүлө Эквадордо коронавирустун кесепетинен өзгөчө кырдаалды күтүп, сөөктү көмүп коюу аземин өткөрү үчүн  башка адамдын күлү менен бир айга жакын жүрүшкөн. 

Азыр туугандары ооруканадан акыркы сапарга узатуу жана өрттөөгө кеткен эки миң долларын кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости