www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 966 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 66 бейтап бул инфекциянын айынан каза болсо, 682 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир суткада коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында 2 миң 612;

Москва облусунда 605;

Санкт-Петербург шаарында 215;

Мурманск облусунда 193 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Россияда коронавирус инфекциясы аныкталгандардын жалпы саны 74 миң 588 адамга жетти. 681 адам бул инфекциядан каза болсо, 6 миң 250 айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости