www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Урмат Барыктабасов менен байланышып, элге берем деген эки имарат мамлекет алар-албасын сурадык.

--Урмат мырза, 400 миллион сомдук эки имаратыңызды мамлекеттин эсебине өткөрүүнүн  аракети башталдыбы?

--Имаратымды элим үчүн берем деп айтып, бийликке Фейсбуктагы баракчам аркылуу официалдуу кайрылуу жасагам. Бирок, бийликтин өкүлдөрүнөн бирөө да келип мамлекетке өткөрүп алуу ниетин билдире элек. Болгону, балыкчынын мэриясынан гана бирөө чалып, неге берип жатканымды сурады. Андан бери дайын жок. Качан алышат деп күтүп отурам.

--Ал имаратты премьер-министрлик кызматты мелжеп бергени жатыптыр деген сөздөр чыкты го?

--Мен премьер министр болоюн деген оюм жок. Тагыраагы, премьер-министр болмок турсун, иштеп бер деп чакырса да барбайм. Өздөрү чалган чалмакейди  өздөрү жей берсин. Барып  алып, алардын мурдагы жасаган туура эмес иштери үчүн  жаман атты болуп не кылайын. Андан көрө иштеп берем дегендер болсо иштет беришсин. 

--Карантин мезгилинде айрым ишканалар иштеши керек деген пикирлер айтыла баштады. Кайсыл ишканалар ишке кирсе, бюджетти толтурууга салым кошот деп ойлойсуз?

--Тынччылык убакта бюджетти толтуруп алышпаган эми карантиндин мезгилинде кыйратышмак беле. Кыргызстанда бюджетти толтуруп жибере турган ишкана деле жокко эсе да... Ошон үчүн киреше киргизип жиберген тармакты деле көрбөй турам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости