www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозовага таянып жазып чыкты.

Анын айтымында, ал аял 2 баланы багып, алардын биринин майыптыгы бар.

“Кечээ маалымат келгенден кийин мэриянын жана “Тирек” реабилитациялык борбордун кызматкерлери ал үй-бүлөгө барышкан. Ал аял көп дары ичип алып, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок аны медицина кызматкерлери куткарып калган. Ал үй-бүлөсүн бага албай жатканын айтты. Кечээ күнү мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардам алып барып берди. Ошондой эле, балдарга жардам борбору да азык-түлүк түрүндө жардам беришкен. Учурда ал аял менен психологдор иштеп жатат”, – деди ал.

Малыматта айтылгандай, учурдагы кырдаалга байланыштуу ал аял күнүмдүк оокатын таап иштеген ишинен ажыраган.

Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБине байланышканда, мындай факт катталбаганын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости