www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен өзүмдү издөө жолунда жүргөн кишимин. Убарам көп болду. «Путь дзен» менен «Жизненные наставления Далай-Ламы» китептерин окуган сайын медитация сыйкырына көп арбалдым, бирок чыныгы медитацияны кантип тутуу керектигин жеткилең өздөштүрө албай келген элем. Кээде үйүмдө тынч бөлмөдө узак сааттар бою отуруп да трансц абалына жетүүгө мүмкүн болбоду. Жанбүдөгө салган быт-чыт ойдон бошонуу далалатын издеп: тоо-ташка ээндеп кеткен күндөрүм канча… Үйрүлүп окуган адабияттардын биринен да медитация сырын үйрөнө албадым…

Тек, майнап чыкпаган мүшкүлдү тартып жүргөнсүдүм. Өзгөчө, акыркы учурларда. Бирок тагдыр буйруган белем: акыры медитациянын практикалык сырын үйрөткөн адамга туш болдум! Мен азыр ушул саатта теректей термелип, деңиздей чайпалган абалдамын. Медитациянын трансц абалына жетүү үчүн сөзсүз эле тынч жай издештин кереги жок экен. Болгону – медитациянын практикалык жолун үйрөтчү адамга кезиге албай жүрүптүрмүн! Мен эми сырдуу дүйнөнүн ачкычын таап алган кубанычка жеттим! Оор жүктөн кутулдум. Жандүйнөм жеңилдей түштү.

Адам баласы жонундагы оор жүктөн оңой эле кутулат экен, ал эми жүрөгүңдү мыжыган, бейаң-сезимди бейпайга салган мүшкүлдөн кутулуу кандай азап! Моралдык соолугуң жайына келмейин тулку бойго дарт жабышып алгансып шалдырай берүү менин эле башымдан өтпөсө керек. Учурда бул азапты чеккен адам саны кыйла экенинен шегим жок. Өзгөчө биздин коомдо жандүйнөсү жабыр тартып, депрессияга кабылып, стресс абалында жүргөн замандаштарымды кадам сайын кезиктирүүгө болот.
Арийне, моралдык соолук менен денсоолук жайын ойлоо керектигин кеп кылып отурган себебим, мен «РухЭш» сайтын ачканымдын бир себеби да ушунда эле. Рухий багыттагы коом агартуу ишимде адамдын жандүйнөсүнө жарык берер күч бир гана өрнөктүү көркөм чыгармалар эмес экендигин түшүнүп, «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандарына моралдык соолукка кам көрүү зарылчылыгы туурасында кулак кагыш кылгым бар. Албетте, көркөм чыгарма окуу менен гана чектелген адам жандүйнө ыракатына малынып калбайт. Улам бир чыгарманын артынан экинчисин окуй берүү деле адамды «интеллектуалдык алкоголизмге» чалдыктырат. Бул да айыккыс дарт. Андыктан кайсы бир адабий шедеврди рух азык, жан азык катары санабашыбыз керек. Биздин жандүйнөбүздү тунарта турган баа жеткис баалуулук бар, ал – медитация.

Бекеринен Алайдын бийик чокусуна кетип калган Кубат аке Жусубалиев те качан эле: «Медитация – кудайга бараткан жолду тазалоочу шыпыргы» дебептир. Бул насыйкаттын ырас экенин Теңир тоолук Өмүрбек Жалилов аттуу жигит мага практика түрүндө көрсөткөнүнөн улам терең аңдадым. Өмүрбек өзү учурда Жалал-Абаддын атактуу курортунун жанында өзүнчө борбор ачып, улут саламаттыгына кам көргөн аракеттин үстүндө экен…

«Миң уккандан бир көргөн артык» дейт кыргыз. Андыктан өзүм күбө болгон жагдайлар туурасында кыскача баян курсам дейм. Акыркы күндөрү бир күн оору, бир күн соо колуктум экөөбүз ак халатчандардын босогосун көп аттадык. Дары-дармек, врачтардын кеңеши жардам бербегенден улам Өмүрбектин «Учур» аттуу денсоолук чыңоо борборунун улагасын аттай бергенде эле көзүмө урунган жазуулар бу болду: «Учур – бул тунуу (медитация)», «Учур – бул ойдун тунуктугу, тазалыгы», «Учур – бул жүрөктүн ачылуусу, чексиздиги», ж.б…

Бүгүнкү күндө жандүйнөсү кыйналып: депрессия, стресс абалында жүргөндөр толтура. Бул көйдүн акыры эмнеге чалдыктырат? Ооруга! Учурда кант диабети, астма оорусунун азабын тарткандар көп кездешет. Айтор, толкон-токой оорулардын эсеби жок. Өмүрбек Жалиловдун денсоолук чыңай турган «Учур» борбору көптөгөн оорулардын алдын алууга шыпаа болорун мен өз жонтеримден улам сездим. Өзүмдү акыркы 3-4 күндөн бери куштай жеңил сезип, жүрөгүм ачылып кубанып тургандыктан, бул кубанычымды эл менен бөлүшүү максатында «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандарын жана санаалаш, тилектеш адамдарымдын баарын Жалал-Абад курортунун жанындагы «Учур» борборуна чакыра кетмекчимин. Агер аталган денсоолук борборуна келүүнү эңсегендер болсо, береги 0778 725 003 номуруна чалып, Өмүрбек Жалиловдун өзү менен байланышка чыксаңыздар болот…

Наристедей тунук күлкүнү кааласаңыз, бирге эс алабыз, замандаш!

Булак: РухЭш

Последние новости