www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабия жыттана баштады

1995-жылдан бери ЖКнын 3-чакырылышында депутат, 2 жолу Акыйкатчы болгон, 3-жолу төшөк жаңырткан (2 жолку экс-күйөө, күйөө бала, экс-жезде) дагы бир “экс” Турсунбай БАкир уулу “Каганат” интернет сайтына маек берип президенттикке талапкер болорун билдириптир.

Ошол маекте мындай деп айтат, Турсунбай ажы: “Таза шайлоо өтсө жана Аллахым насип этсе, албетте, жеңишке жетишем. Элимдин көйгөйлөрүн жакшы билем. “Ток ачтын кадырына жетпейт” дегендей мен бар нерсеге ыраазы болуп жашаган пендемин, мультимиллионер эмесмин, эл кандай жашаса , мен дагы эл катарындамын. Дин душмандары каалайбы же каалабайбы, алардан эч ким сурабай эле калктын басымдуу бөлүгү, өзгөчө жаштардын катмары ислам динине бекем кирди. Бул сапар динге ишеними күч адамдардын добуштары шайлоонун тагдырын чечип коюшу толук ыктымал.

Ошондуктан кээ бир талапкерлер Саудияга Умрага барып келишип жатышат, эски диний китептерди белек катары ислам аалымдарга тартуулап жатышат. Бирок элибиз такыба, мусулман менен мунафыктарды ажырата алат” дептир, ажы. Бидин пикирибизде Турсунбай ажы да президенттикке башка талапкерлерге “эй мени менен сүйлөшкүлө” деп ишараат бери жаткансыйт.

Ошол эле учурда жакында эле (соцсеттерде дүй болгон) дин ишмерлеринин кыргыз аялзаттарын мазактоосу интернет булактарында адатка айлангандан аялзат өкүлдөрү: “Бийликке динди колдонгон президенттикке талапкерге добуш бербейбиз. Добушубузду динге чектөө киргизген, улуттук баалуулукту барктаган талапкерге беребиз, биз эркектерден көпбүз, биздин добушубуз чечүүчү ролго ээ”, -деп чыгышууда.

Булак: "Айгай"

Последние новости