www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын, журналист Олжобай Шакир уулу ушундай аталышта ачуу чындыкты жазып чыкты. Ал кандай чындык? Келгиле, чогуу угалы!

Культ личностко шыдыр жол! Бир кездеги улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин «Ак жол» партиясы азыркы парламенттин алдында шоона эшпей калды. Устаттан шакирт өтө турганы мына, улуу урматтуу Алмазбек Шаршеновичтин КСДП акалакчылары акүйдүн 7-кабатынын мукмасалын илгиртпей аткарган жагынан идиректүү чыгышты. Баарын ишке ашырып берип атышат. Моюн толгоосуз.

Бийликтин баардык түзүмдөрү түзөнүп, бир гана кишинин чечимине чечекейлери кадалып калганы ушул. Азыр «Кыргызстан парламенттик башкаруу жолунда» деген сөз оозуңуздан айлансын. Парламентти шал кылып тындырыш үчүн саясый «монстр» – Текебаев гана камалыш керек болчу. Камашты. Саясый сценарийдин авторлору азоонун мойнуна чалма салуунун жолун табышты. Көргүлүк али алдыда туру. АША бийлиги өз каруусун бекемдеп алганга чейин ак жеринен болсо да айбат-сүрү курч Ө.Текебаевди камасак, башкаларынын мизин мокотуу оңой деген сары эсепти ала жаздан мурда эле чыгарып келишкен… А артында калбыры бар саясатчыларга чүлүк салуу оңой экенин турмуш көрсөтүүдө. Алар абактын торунан тургай, абактын шылдыраган ачкычынан коркушат. Көбүн арам жол менен табылган байлык-мүлк уктатпаган үчүн бийлик менен компромисске барууга дайым даяр «саясый армия».

Өздөрүн саясый элита санагандын көбүндө күрөшчүл кайратмандык жок үчүн кайсыл бийлик келсин, кандай режим болсун, агымга каршы чабак урчулар эмес. Антип жансоогалагандын көбү бүгүнкү бийликтин колтугунда отурушат. Дагы корголошот. Мындай «саясый армия» менен АША бийлиги компартиянын ишмердигин кайра улантса деле кыңк этчүлөрү бирин-экин. А бирин-экинди камоо-сабоо жолу менен кынына киргизүү бир паста. Азыркы бийлик Кыргызстанга сталиндик бийликти же гитлердик режимди орнотобу, баарылап колдоп-буттап беришет. Колдоп да келатышат. Эмесе ошол колдоого алынып келаткан долбоорго учкай токтолуп, сереп салып көрөлү… Караламан калктын башын айландырчу ал кампания ишке кирди өңдөнөт…

Учурда Интернет айдыңында «Кыргызтест» элге өтө алымдуу долбоор катары иштеп келет. Караламан калк буга маани бере элек али. Тесттен өтүү жана курска жазылуу бекер экени өлкө жарандарына кимдир-бирөөлөрдүн камкордугундай туюлушу ыктымал. Арийне, бекер быштак кылтакка гана коюларын сизиң менен бизиңдин эсинен тарс чыгып кетерин унутпайлы. «Кыргызтесттин» оңой-олтоң суроолоруна туура жооп жазганына курсант болуп жүргөндөр толтура азыр. Өткөндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова быйылкы президенттик шайлоодо талапкерлерден экзамен алуу системасы эскиргенин (шылтоо эмес бекен?! — авт), андыктан мамлекеттик тил боюнча сынакты “Кыргызтест” системасы аркылуу жүрүшүн колдой турганын эмне үчүн кылтыйтты дейсиз?.. А 17-майда болсо Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберди. Анда талапкерлерден сынакты “Кыргызтест” аркылуу алуу, босого чекти 9 пайызга көтөрүү, талапкерлердин күрөөсүн 100 миң сомдон 2 млн. сомго көтөрүү, шайлоо мөөнөтүн 15-октябрга белгилөө сыяктуу сунуштар камтылды.

Кеп бу жерде президенттикке талапкерлер үчүн босого чекти 9 пайызга көтөрүүдө же 2 млн. сомго чейинки күрөө эсебинде эмес, кеп – «Кыргызтестен» өтүүчү экзаменде. Андан талапкерлердин далайын сулатышат. Кээсинин күрөөгө койгон миллиондогон сомдору да суу кечпейт. Себеби, бул экзаменге өкмөт башчы С.Жээнбековдон башкалары даяр эмес. Эң жөнөкөй бул чалмага илинчүлөрү четтен чыгат. Мына анан бийликтин жалданма журналисттери атпай-журтка эмне деп шардана кылары божомолдуу түрдө мындай болот: «Баланчаев «Кыргызтестин» эң жөнөкөй суроолоруна туура эмес жооп берип, экзаменден өтпөй калды. Анан ушундай билим деңгээли бар саясатчыларыбыз өлкөнү башкарып кете алмак беле» деген апызда каралоо кампаниясынын казанын боркулдатышат.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке киргени дайын. Негизинен «Кыргызтест» лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат.

БШК төрайымы быйылкы президенттик шайлоодо талапкерлерден кыргыз тил боюнча экзамен алуу системасы эскиргенин бетке карманып, бул озуйпаны “Кыргызтест” системасы аркылуу жүргүзүү керектигин кыйытса, ЖК депутаттары да президенттикке талапкерлер “Кыргызтест» аркылуу экзаменден өтүшү керектигин демилгелеп отурушканы чоң шек жаратат.

Жогоруда бул экзаменге бир гана С.Жээнбеков «мыкты даярдыкта» экенин айткан себебим: те ала жаздын алдында «РухЭш» сайтынын жүргүзүп келаткан иштерине өкмөттөгүлөрдүн эбедейлери эзилип, мени чакыртышкан экен. Болгондо да жекшемби күнү. Күүгүм кечте. Таңгалганым ушул болду адегенде. Себеби бизде кайсы «кудай урган» мамлекеттик аткаминерлер дем алышка карабай жан үрөп иштечү эле дедим. «Сиздерди колдоого алууга ниеттенип чакырдык» дешкенинен, жалгыз барбайын деп жаныма сайт түйшүгүн кошо тартышкан эки адамды кошо ала бардым. «Жоону сайса эл сайды, аты калды Манаска болбоюн» дедим.

Сайт иши менен абыдан тааныш экенин айтышты. Жардам берели дешти. Атургай «… президентке, премьер-министрге сизди жолугуштуралы» дешкенинен: «Кокуй, – дедим, – алардын алдына мени шыйпаңдатпагыла! Берчү жардамыңарды президентсиз, өкмөт башысыз деле берсеңер эмне болот?..» «Болуптур, беребиз» деген бойдон калышкан. “Кыргызтести» карапайым элге жайылтуу зарылчылыгы тууралуу ошондо сөз кылышкан. Жана башка да маданий иш-чараларды бирге жүргүзөлү деген кеп болгон. Бирок менин көөдөнүмдө күмөнсүү жаралып туруп алды. «Өкмөт жардам берерин берип, «РухЭш» сайтын кол жоолукка айлантып алышса кантем» деген чочулоо ордуман ойдолоктотту.

Алардын жардамы – болгондо да беш жүз миң сом! Анан да баардык телеканал, радиолордон «РухЭш» сайтын рекламалап дүңкүлдөтмөй болушкан. Кийин да чакырышты. Смета түзүп кел дешти, түзүп жөнөтүп жибердим. Ана-мына беш жүз миң сом жардам беришерин айтып тил эмизген өкмөттөгүлөр ошону менен жым болушту… Мунун себеби, ал ортодо Текебаев камалды, сайтыбыз акыйкаттыкты коргогондордун тарабында экенин да өкмөттөгүлөр илгиртпей баамдашты көрүнөт…

Мунусу мага да ыңгайлуу болду, бир чети. Агөрөк каратаман элдин колдоосу менен өз арабамды кылдыратып иш жүргүзө бергеним жакшыбы же өкмөттүн кол баласына айланганым жакшы беле, аны зирек окурман аңдап алаар…

А мүмкүн мага берилер ошол суммалар мамлекеттик ресурсту шайлоого карата пайдалануу үчүн жумшалып аткан жок беле; С.Жээнбеков президенттик атсалышка тымызын даярдык көргөн үчүн мага окшогон кулпенделерди дем алыш күнгө карабай, күүгүм кечке карабай чакыртып күжүлдөп иштеген өкмөттөгүлөр президенттик шайлоого алда качан эрте даярдангандай түрү бар…

Алты жылдан бери артымда мураскер даярдалбай деген А.Атамбаевдин көшөгө артындагы «даярдыгынын» чекесин эле кеп кылгандагыбыз бул. Аныгында, Сооронбай Шариповичти президенттик такка отургузуп алгандан кийин Алмазбек Шаршеновичиңер ырын ырдап, чоорун сыбызгыткан өз саясатын уланта берет, бурадар! Өз доорун кайра улайт, бирок башка этапта!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости