www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда  анын кеңешчиси Шайырбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, Келдибеков өзү туулуп өскөн Алайда эл менен жолукканы барган. Ал жердин аксакалдары, эли аны колдоп президенттикке аттануусун сунуштаганда Келдибеков президенттик шайлоого катышарын айткан. Саясатчынын жанында Камчыбек Ташиев болгон. Адахан Мадумаров Ахматбек Келдибековдун президенттикке аттанганы тууралуу кабары жок экенин ММКлардын бирине айткан.

Эске салсак, 2016-жылы 30-ноябрда Бишкек шаарында саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров биригип жатышканын коомчулукка жарыялашкан. Анда биригүүнүн максаты - 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга даярдануу экенин айтышкан. Үчөөсүнүн бири талапкер боло тургандарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости