www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда Федералдык апелляциялык сот, президент Дональд Трамптын калкынын көпчүлүгү мусулман 6 өлкөнүн жарандарына карай виза жана өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун күчүнө кириши талабын четке какты.

Виргиния штатындагы апелляциялык сот, Американын адилет министрлиги тарабынан берилген калкынын көпчүлүгү мусулман 6 өлкөнүн атуулдарына карай виза жана өлкөгө кирүүгө тыюу салуусун токтоткон токтомго байланыштуу апелляциялык кайрылуусун четке какканын жарыялады.

Башкы судья Роджер Л. Грегори, бул тема тууралуу жарыясында Трамп көздөгөн тыюу салуунун өлкөдөгү белгилүү диний топтун бутага алынганын баса белгиледи.

Адилет министри Жефф Сешнс болсо бул чечимге каршы чыга тургандарын билдирди.

Сешнс жазуу түрүндөгү жарыясында, «АКШнын Адилет министрлиги, бул өлкөнүн жарандарын коркунучтардан коргош үчүн бардык күчүн колдонот. Жогорку соттон бул токтомду карам чыгуусун талап кылабыз»,-деп айтты.

Дональд Трамптын 27-январда кол койгон жана кайра эле судьяга такалган алгачкы виза сыноосунун ишке киргизилиши Вашигтон штатындагы бир федералдык судья тарабынан токтотулган болчу.

Сан-Францискодогу 9-Аймактык апелляциялык сот да судьянын чечимин жактаган өкүм чыгарган.

Трамп бийлиги Гаваидеги доо тууралуу апелляция процессинин кайрадан Сан Францискодогу ошол эле сотто сүйлөшүлө турган болушунун себебинен Мэриленддеги соттун чечимин апелляцияга алып чыгууну тандады.

Трамптын экинчи виза сыноосу калкынын көпчүлүгү мулумандардан турган 6 өлкөнүн атуулдарына 3 ай бою жаңы виза тыюу салуусун максаттаган эле. АКШнын качкындар программасын болсо 4 айга токтотмок.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости