www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Татарстанга кечээ барган. Бүгүн Казань шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдө өткөн жыйынына катышты. Жыйында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Аны менен кошо премьерде дагы бир жаңылык пайда болду. Фейсбук, Твиттер жана Инстаграмда "өлкөдөгү, коом турмушундагы окуялар, маселелер тууралуу пикир алышып туруу ниетинде расмий баракчаларды ачканын" Өкмөт башчы Фейсбуктагы баракчасына өз колу менен орус тилинде жазып чыкты. Бирок ишинин көптүгүнөн улам дайыма карай албасын айтып, анын атынан маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов байланышып турарын баса белгиледи. Бирок бардык маалымат өзүнө жетип турарын ишендирип кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости