www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы дүйнө жүзүндөгү аба компаниялары коронавирустун "Омикрон" - штаммынын кесепетинен улам, Жаңы жылдык майрамдагы каттамдарын токтотууга аргасыз болду.

FlightAware.com сайтынын маалыматына караганда, 24-декабрга карата жалпы дүйнө жүзүндө кеминде 2401 каттам жокко чыгарылды. Дагы 10 миңге чамалуу каттамдын убагы жылдырылды. 25-декабрда 1779, 26-декабрда 402 майрамдык каттамдар токтотулду. Токтотулган каттамдардын төрттөн бири АКШдагы аба компанияларына туура келет.

Америкадагы United Airlines жана Delta Air Lines аба компаниялары пандемия шартында кызматкерлери жетишсиз болуп жатканын билдиришкен.

Жонс Хопкинс университетинин маалымдашынча, акыркы аптада АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны 45% өсүп, 23-декабрда илдетке 16 миңден ашуун адам чалдыкты.

Британияда вирустан улам жумушчулардын жетишсиздиги кабарланды. 23-декабрда 122 186 адам илдетке чалдыккан. Бийликтер элди оорудан сактанууга жана эмдөөдөн өтүүгө үндөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости